Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №27/5
Аксы районунун прокуратурасынын ченемдик-укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү 03.06.2019-жылдагы №11/1-640-19 сандуу сунушу жөнүндө
Прокуратуранын бул сунушунда Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Мыйзамынын 1 жана 5-беренелеринин талаптары Авлетим айылдык кеңешинин депутаттары Т.Шарпиов, Б.Боробаев, К.Калматов, К.Жолдош уулу, А.Чынасылов, Э.Асаналиев, А.Мырзамамытова, А.Ажыбаев, А.Барпыбаев, К.Тургуналиев, К.Жолдошов, Л.Жапаркулова, А.Добутова, А.Орозалиев жана А.Момунбековдор тарабынан бузулуп, декларацияларды өз убагында тапшырышпаган. Бул көрүнүш тийиштүү аты аталган депутаттар тарабынан мыйзам бузуучулукка жол берилген деп эсептеле тургандыгы прокуратуранын аталган сунушунда көрсөтүлгөн.
Прокуратуранын сунушу келип тушкөн күндөн тартып, аты аталган депутаттардын бардыгына декларацияны тапшыруу зарылчылыгы жөнүндө жеткирилген.
Бирок, бир гана Жолдошов К.Ө. талапты аткарып, декларациясын тапшырган.
Калган депутаттар бул маселеге маани беришпей коюшкан.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде сессия
токтом кылат:
1. Аксы районунун прокуратурасынын ченемдик-укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү 03.06.2019-жылдагы №11/1-640-19 сандуу сунушу аткарууга алынсын.
2. Сунушта көрсөтүлгөн айылдык кеңештин депутаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын аткарууга жеткиликтүү маани беришпегендиктери аларга көрсөтүлсүн.
3. Прокуратуранын сунушунда коюлган мыйзам бузуучулукту четтетүүнү тез арада аткаруу сунушта көрсөтүлгөн айылдык кеңештин депутаттарынын эсине салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |