Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №27/6
Жайыт комитетинин тескөөсундөгү АРИСтин ПРЖР-2 долбоору аркылуу алынган МТЗ-82-1 маркасындагы тракторду иштетүүнүн тарифтик планын 2019-жыл үчүн бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 25-июнундагы корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин тескөөсүндөгү АРИСтин ПРЖР-2долбоору аркылуу алынган МТЗ-82-1 маркасындагы тракторду иштетүүнүн тарифтик планы 2019-жыл үчүн төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Чөп чабуу 1га жер үчүн 1500 сомдон
Чөп тырмоо 1га жер үчүн 1000 сомдон
Чөп таңгактоо 1 даанасы 14 сомдон
Жер айдоо 1га Суулуу жер- 3000сомдон
Кайракы жер- 2500сомдон
2. Ушул түшкөн акчанын 10%ти механизатордун 10%ти диспетчердин эмгек акысы үчүн берилсин.
3. Бекитилген тарифтик пландын негизинде атайын кириш-чыгыш сметасын түзүп чыгып. Айылдык кеңешке бекиттирүү Жайыт комитеинин төрагасы Ж. Атеновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |