Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-июлу № 28/4
«Ардактуу жаран наамдарын ыйгаруу жөнүндө»
Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2019-жылдын 29-июлундагы корутундусуна жана Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2 беренесине ылайык, сессия
токтом кылат:
1. «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгү инсандарга ыйгарылсын:
- Садырбеков Жеңишбекке –ардагер врач, медицина илиминин доктору;
- Дүйшөбаев Абдырахман Раманкуловичке- хирург врач;
2. «Ардактуу жаран» наамын тастыктоочу күбөлүк-баракчаларды жана «Ардактуу жаран» деген жазуусу бар тасмаларды даярдап, наам ыйгарылган жарандарга тапшырууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |