Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-июлу №28/5
Авлетим айыл өкмөтүнүн карамагындагы жана жайыт комитетинин ыкчам тескөөсүндөгү LOVOL FL 953 жүктөгүч техникасынын жана МТЗ-82-1 маркасындагы тракторунун иштетүүдөн түшкөн акча каражатынын киреше жана чыгаша сметаларын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 30-июлундагы корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим жайыт комитетинин ыкчам тескөөсүндөгү LOVOL FL 953 жүктөгүч техникасынын жана МТЗ-82-1 маркасындагы тракторунун иштетүүдөн түшкөн акча каражаттардын 2019-жыл үчүн кириш жана чыгыш сметалары бекитилсин.
2. Бекитилген сметалардын аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитеинин төрагасы Ж. Атеновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына(Тургуналиев К.О.) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |