Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-августу № 29/1
«Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун 2-фазасына пилоттук айылдык аймактарды тандап алуу сынагына муниципалитеттер аралык кызматташуу аркылуу катышуу жөнүндө
Авлетим айыл өкмөтүнүн «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун 2-фазасына пилоттук айылдык аймактарды тандап алуу сынагына муниципалитеттер аралык кызматташуу аркылуу катышуу максатын билдирген демилгесин эске алып жана бул демилгени колдогон айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 13-августундагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1. «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун 2-фазасына пилоттук айылдык аймактарды тандап алуу сынагына муниципалитеттер аралык кызматташуу аркылуу катышуу жөнүндөгү Авлетим айыл өкмөтүнүн демилгеси колдоого алынсын.
2. Муниципалитеттер аралык кызматташууга катышуу боюнча төмөндөгү сунуш кылынган идеяларды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетин түзүп бекитүүдө көнүлгө алынсын:
2.1 Кара-Суу, Кызыл-Туу, Кара-Жыгач жана Авлетим айылдык аймактары биргеликте кызматташуу аркылуу болжолдуу баасы 6 400 000(алты миллион төрт жүз миң) сомдук эксковаторду сатып алуу; Мында айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүүчү үлүштүк сумма болжол менен 400 000 (төрт жүз миң) сомду түздү.
2.2 Ак-Жол, Жаңы-Жол, Авлетим жана Жерге-Тал айылдык аймактары биргеликте кызматташуу аркылуу болжолдуу баасы 5 600 000(беш миллион алты жүз миң) сомдук грейдер техникасын сатып алуу; (мында айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүүчү үлүштүк сумма болжол менен 350 000 (үч жүз элүү миң) сомду түзөт.
2.3 Авлетим жана Жерге-Тал айылдык аймактары биргеликте кызматташуу аркылуу болжолдуу баасы 1 000 000(бир миллион) сомдук «таштандыларды күйгүзүп жок кылуучу мешти» сатып алуу менен орнотуп тургузуу ; (мында айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүүчү үлүштүк сумма болжол менен 125 000
(бир жүз жыйырма беш миң) сомду түзөт.
3. Муниципалитеттер аралык кызматташуу боюнча жогорудагы 2.1, 2.2, жана 2.3 пункттарындагы долбоорлорду колдоо үчүн депозиттик каржылоо айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн түзүлгөн бюджетине сентябрь-октябрь айларында жүргүзүлүүчү өзгөртүүлөрдү кароодо (мүмкүнчүлүгү болсо) жана айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетин түзүүдө эске алынсын.
4. Токтомду аткарууга алуу Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Тургуналиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |