Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры №30/1
Авлетим айылдык маданият үйүнүн айылдын калкын маданий жактан тейлөө боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Авлетим айылдык кеңешинин «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А. Мырзамамытованын жана Авлетим айылдык маданият үйүнүн директору Жолдошбаев Ильяздын баяндамаларын угуп жана талкуулап, сессия
токтом кылат:
1. Авлетим айылдык маданият үйүнүн айылдын калкын маданий жактан тейлөө боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Авлетим айылдык кеңештин «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 26-сентябрындагы протоколу (корутундусу) көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 18-беренесинин жергиликтүү маанидеги маселелердин 18-пунктунда көрсөтүлгөн элдин көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү маселеси Авлетим айыл өкмөтү тарабынан талаптагыдай аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.
3. Авлетим айылдык маданият үйүнүн ишин көзөмөлгө алуу менен маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, каржылык жактан колдоо, клубдун учурдагы оңдоосуна көңүл буруу айыл өкмөттүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (А. Мырзамамытова ) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |