Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры №30/2
«Чыгыш-Жол-Мазар булагына, Жар-Башы жолун оңдоого Таш-Шоро-Ак-Терек жолун оңдоого каралган акча каражаттарын Дейрес айылындагы скважинадан мал суу ичүүчү жайларды калыбына келтирүү үчүн кайра бөлүштүрүү жөнүндө”
Айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 26-сентябрындагы корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чыгыш-Жол-Мазар булагына, Жар-Башы жолун оңдоого жана Таш-Шоро-Ак-Терек жолун оңдоого каралган акча каражаттарын Дейрес айылындагы скважинадан мал суу ичүүчү жайларды калыбына келтирүү үчүн чыгымдалсын.
Бул токтомдун аткарылышы Авлетим жайыт комитетинин төрагасы Ж. Атеновго милдеттендирилсин
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Тургуналиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |