Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры № 30/3
«Ардактуу жаран наамдарын ыйгаруу жөнүндө»
Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 27- сентябрындагы корутундусуна жана Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2 беренесине ылайык, сессия
токтом кылат:
1. «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгүлөргө ыйгарылсын:
- Ташбаева Сүйүмкан Азимбаевна – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, ардагер врач;
- Бөрүкулов Расулбек – Аксы районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору;
- Асанова Жамила Анаркуловна- Авлетим айыл аймагындагы №6 ҮДТ нын врачы.
- «Авлетим айылынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгүлөргө ыйгарылсын:
2. Кубатбекова Турдубүбү Момуналиевна - №5 А.Кабаев атындагы Авлетим жалпы орто билим берүүчү мектептин башталгыч класстар мугалими, ардагер мугалим.
3. «Ардак грамота» менен төмөндөгүлөр сыйлансын:
Жээнтаева Марапат – Мукур айылындагы ФАПнын башчысы, ардагер медайым;
4. «Ардактуу жаран» наамын тастыктоочу күбөлүк-баракчаларды жана «Ардактуу жаран» деген жазуусу бар тасмаларды даярдап, наам ыйгарылган жарандарга тапшырууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |