Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-октябры № 31/3
Коргон айылынын 66 тургунунун 1994-жылы 1,5 сотыхтан үлүшкө алган , бардыгы 0,99га жер аянтын Авлетим айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Осмоналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экология», «Укук, мыйзам жана этика» жана «Социалдык» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2019-жылдын 16-октябрындагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1. Коргон айылынын 66 тургунунун 1,5сотыхтан үлүш жер аянттары өз ыктыяры менен арыз бергенине байланыштуу, жалпысы 0,99га жер Авлетим айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүлүп берилсин.
2. Авлетим айыл өкмөтү 0,99га жер аянтын келечекте мектеп имаратын курууга максаттуу пайдалансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экология», «Укук, мыйзам жана этика» жана «Социалдык» маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |