Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-октябры № 31/5
“Республикалык бюджеттен келип түшүүчү Максаттуу трансферт акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн айрым элементтерине кошумча киргизүү жөнүндө”
Авлетим айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен келип түшүүчү максаттуу трансферт 1 млн сом акча каражаты;
Айыл өкмөтүнүн Товар-Сай айылындагы Оут-Сай участкасына электр линия тартууга жумшалсын .жалпысы: 1 млн сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына кошумча киргизилсин
2. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы Каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
4. Токтом www.avletim.aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага | А.Шырдаков |