Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-июну № 7
Мониторинг орнотуу үчүн каражат ажыратуу жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамасадыковдун маалыматы эске алынсын.
2.Шамалды-Сай айылы Ленин көчөсүндө жайгашкан күрөш залына айыл өкмөтүнүн аткарган иштерин, жаш өспүрүмдөргө тарбиялык маанидеги видиороликтерди, жаңылыктарды, кулактандырууларды, чагылдырып туруучу мониторинг орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 350000(үч жүз элүү миң) сом каражат ажыратылып берилсин.
3.Каражатты ажыратып берүү айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин
4.Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Э.Мансиркулов |