Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 1
Сузак райондук администрациясында түзүлгөн комиссия тарабынан Ленин айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 54,0 (элүү төрт) миң сом акча каражатын тизмеге ылайык, турмуштун оор кырдаалында турган гуманитардык жардамга өтө муктаж болгон үй-бүлөлөргө ыкчам түрүндө бөлүштүрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук комиссия тарабынан Ленин айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 54,0 (элүү төрт) миң сом акча каражаты тизмеге ылайык, турмуштун оор кырдаалында турган гуманитардык жардамга өтө муктаж болгон үй-бүлөлөргө 800 (сегиз жүз) сомдон турган, бир азык-түлүк топтому (продуктовый пакет) катарында жеткирилип берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы каржы экономика бөлүмүнүн башчсы А.Жолдошевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кенешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |