Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 1
Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошева билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышы менен өлкөгө өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жана карантин киргизилгендигинин натыйжасында, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга бекитилген “Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык” – 20,5 миң сомго, билим берүү бөлүмүнүн атайын каражаттар планы 343,5 миң сомго, жалпы кирешелер планы 364,0 миң сомго кыскартылсын.
2. КР Бюджеттик кодексинин 107-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин төмөндөшүнөн, Бюджеттик кодекстин 27 беренесине ылайык, бюджеттин баланстуулугун сактоо максатында 70629 – ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесинен - 20,5 миң сомго, 70911 – бала бакча бөлүмүнүн атайын каражаттар боюнча 2218 – тамак-аш азыктарын алуу беренесинин планы 343,5 миң сомго, жалпы чыгаша пландары 364,0 миң сомго кыскартылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
70111 – башкаруу бөлүмүнүн 2215 – ар түрдүү чыгымдар беренесинен 15,0 миң сом кыскартылсын;
70823 – маданият бөлүмүнүн 2215 – ар түрдүү чыгымдар беренесинен 115,3 миң сом кыскартылсын;
70111 – башкаруу бөлүмүнүн 2111 – эмгек акы беренесине 97,2 миң сомго жана 2121 – социалдык фондко чегерүүлөр беренесине 16,8 миң сомго КР Өкмөтүнүн 20-март 2020-жылдын № 92-р буйругунун негизинде көбөйтүлсүн;
70921 – билим берүү бөлүмүнүн 22152100 – имараттарды жана жайларды күтүүдө санитардык кызмат беренесине, өзгөчө кырдаалдар учурунда мектептерди, бала бакчаны, №23 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын жана айыл өкмөтүнүн кабинеттерин дезинфекциялоо үчүн 22,4 мин сомго көбөйтүлсүн;
70629 – ЖКХ бөлүмүнүн 2231 – электр энергиясына акы беренесинен 76,1 миң сомго кыскартылып, ушул эле бөлүмдүн 2215 – беренесине аймактын көчөлөрүнө таалим-тарбия багытындагы накыл сөздөрдү, макал-лакаптарды атайын шиттерге жаздырып илүү үчүн 40,0 мин сомго көбөйтүлсүн, ушул эле бөлүмдүн 3111 –беренесине айыл аймактын кире беришиндеги паннонун үстүн жабууга 30,0 миң сомго көбөйтүлсүн;
4. Жалпы бөлүмдөр жана беренелер аралык жылдыруулар 206,4 миң сомго кыскартылып жана бөлүмдөр, беренелер аралык жылдыруулар 206,4 мин сомго көбөйтүлсүн.
5. Бюджеттин бекитилген планына өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
6. Токтомду аткаруу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошевага милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |