Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-майы № 2
Ленин айыл өкмөт башчысы Б.Токтосуновдун 22.03.2020-жылдагы кириш №1 кайрылуусундагы Таза-суу менен таштанды чыгаруу иштерин жөнгө салуу жана Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык жактан өнүктүрүү боюнча башкы адис М.Мамырасуловдун 31.03.2020-жылдагы кириш №2, 26.05.2020-жылдагы кириш №5 сунуштары айыл аймактын айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарын көрсөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө
Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча Ленин айыл өкмөт башчысынын кайрылуусун жана Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык жактан өнүктүрүү боюнча башкы адис М.Мамырасулов сунуш каттарын окуп берип депутаттарга тааныштырды.
Ленин айыл өкмөт башчысы Б.Токтосуновдун өз кайрылуусунда Таза-суу менен таштанды чыгаруу иштерин жөнгө салуу боюнча комиссия түзүү зарыл экендигин, Тазу-Суу менен таштанды чыгаруу болуп экиге бөлүнүү маселесин кароо жана жумушчулардын эмгек акыларын, электр энергия төлөмдөрүн, социалдык фондко жана башка төлөмдөрүн өз убагында төлөө жөнүндө жазган.
Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык жактан өнүктүрүү боюнча башкы адис М.Мамырасуловдун сунушунда айыл аймактын айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарын көрсөтүү боюнча суу башчыларынын иштерин уюштуруп, суу башчылары өз алдынча болоорун жана Ленин айыл аймагынын “Турмуш-тиричилик чарбасынын” Уставынын негизинде алып барылып отчеттуулук иштерин жүргүзүү жөнүндө жазган.
Кезекте турмуш-тиричилик чарбасынын башчысын С.Мадумаровдун билдирүүсүндө элден жыйналган каржылоо булагы жетишсиздигин, учурда айлык маянага жетпей аткандыгын айтты. Жыйынтыгында бир жылдык чыгаша жана киреше булагын, турмуш-тиричилик чарбасында эмгектенген жумушчулардын айлык акыларын бекитип берүүнү сунуштады.
Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык жактан өнүктүрүү боюнча башкы адисинин сунушун кароодо Ленин Турмуш-тиричилик коммуналдык муниципалдык ишканасы Ленин айыл өкмөтү менен Ленин айылдык Кеңеши уюштуруучусу болуп Уставы жазылып, Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынан катталган ишкана. Өзүнүн иш-аракеттерин Устав боюнча иш алып барарын, өзүн-өзү элден жыйналган абонеттик төлөм менен каржылана турганын маалымдаган. Ошондой эле Уставында ишкана айылдардагы СООППВ менен таштандыларды ташып чыгаруу ишин алып бараарын жазган.
Ленин айылынын жаштар уюмунун лидери Улан Жайчиев жана Таза-Суунун убактылуу жумушчусу Сиражидин Хайридинов 2020-жылдын февраль айынан баштап 2020-жылдын 26-майына карата финансалык отчет, эсеп боюнча айыл өкмөткө мыйзам чегинде маалымат берүүсүн талап кылууну сунуштаган.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл аймагынын Ленин, Орто-Сай, Жыгач-Коргон айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарын көрсөтүү жана таштанды чыгаруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу келишимин түзүшсүн.
2. Ленин айыл аймагынын Ленин, Орто-Сай, Жыгач-Коргон айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарын көрсөтүү жана таштанды чыгаруу боюнча ар бир үй чарба менен кызматташуу жөнүндө келишимдерин түзүшсүн.
3. Айылдарда борборлоштурулган суу менен жабдуу системасын, турмуш-тиричилик чарбасынын техникалык каражаттарын мыйзам чегинде өткөрүп берүү-кабыл алуу актыларын түзүшсүн.
4. Токтомдун аткаруу жагы Турмуш-тиричилик чарбасынын башчысы Мадумаров С. тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кенешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |