Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 3
Ленин айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Жолдошевдин 26.05.2020-жылдагы кириш №3 катында Жыгач-Коргон участкасына узуну 0,5 км болгон 10 кВ аба чубалгысын куруу жөнүндө.
Күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча жер адис К.Жолдошев билдирүү жасады.
Ленин айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Жолдошев “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун Көк-Арт райондук электр тармактар ишканасынын 10.03.2020-ж. №156 жазган катында электр энергиянын үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыздоо максатын 2020-жылдын капиталдык куруу планы боюнча Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Жыгач-Коргон участкасына узуну 0,5 км болгон 10 кВ аба чубалгысын куруу пландалганын, ошол 10 кВ аба чубалгы курулуучу жер аянтын “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун Көк-Арт райондук электр тармактар ишканасына көп жылдык мөөнөткө пайдаланууга берүүнү сунуштады. (№1 тиркеме К.Жолдошевдин сунушу жана №2 тиркеме “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун Көк-Арт райондук электр тармактар ишканасынын 10.03.2020-ж. №156 каты тиркелет)
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыгач-Коргон участкасына узуну 0,5 км болгон 10 кВ аба чубалгысын курууга 49 жылга мөөнөтүү пайдаланууга бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Аталган жер тилкелерин айыл чарба багытынан өнөр жай, унаа, байланыш, коргоо жана башка багыттарга которуу Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдогу 0,5 км болгон жер аянтын которуу (трансформациялоо) жогорку органдардан суралсын.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Токтосуновко тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кенешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |