Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 5
Айылдык кеңешинин депутаты Тунгатаров Аргынбайдын депутаттын мандаты жөнүндө
Күн тартибиндеги бешинчи маселе боюнча Ленин айыл өкмөт башчысы Б.Токтосунов чыгып сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө Орто-Сай айылында айыл башчы жок болгонуна байланыштуу Ленин айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Тунгатаров Аргымбай айыл башчылык милдетин аткарууга макулдук берип, 2020-жылдын 3-майдагы Орто-Сай айылынын тургундары менен билдирүү, кайрылуу жазышкан. Учурда Ленин айыл өкмөтүнүн 08.05.2020-ж. №83 буйругу менен айыл башчылык кызматына алынган.
Жогору айтылгандардын негизинде Тунгатаров Аргымбайдын депутаттык мандатын чечип берүүсүн сураган.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” №3 13.01.2000-жылдагы мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна таянып, ачык добуш берүүнүн негизинде Тунгатаров Аргымбай айыл башчылык кызматын жана Айылдык кеңешинде депутаттык мандатын сактап калуу мүмкүнчүлүгү менен иштөөсүн улантууга депутаттар, Тунгатаров Аргымбайдан сырткары бир добуш менен кабыл алынды.
2. Токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Токтосуновко тапшырылсын.
Ленин айылдык Кенешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |