Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 6
Жаңы жер участкасынан 400 га жер тилкесин аныктоо жөнүндө
Күн тартибиндеги алтынчы маселе боюнча Ленин айылдык кеңешине төрагасы Кеңешбаев М. чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Орто-Сай айылынын тургундарынын 27.05.2020-жылы кириш №4 арызы түшкөнүн жана ал маселени чечүү экенин билдирди.
Казакбаев Кубат - жаңы жер участкасынан 400 га жер тилкеси мыйзамсыз бөлүштүрүлүп берилген, ага жер адиси күнөлүү. Бөлүштүрүлүп берилген жер, Орто-Сай айылынын тургундарына тиешелүү, жер адиси өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып мыйзамсыз башкаларга арендага берип койду. Жер адисин кызматтан бошотуу үчүн жабык түрүндө добушка коюуну сунуштайм – деди.
Жогору айтылгандардын негизинде депутатар Казакбаев Кубаттын сунушун кароого киргизүү максатында депутаттар ачык түрүндө добуш беришти.
Макул – 2,
Каршы – 10,
Калыс жок.
Жыйынтыгында депутаттар Мураталиев Б., Тунгатаров А. мыйзам бузуу аракеттерин укук-коргоо органдарына тапшыруу жана Ленин айылдык кеңеши андай иш аракеттер менен укук-коргоо органдары менен биргеликте иш алып баруусун билдиришти.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер ээлерине 1-сентябрьга чейин мыйзамдуу түрдө такталып берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы жер адиси Жолдошев К. милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кенешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |