Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 7
Орто-Сай айылында жайгашкан суу сактоочу плотинага тиешелүү 45 га жер тилкеси жөнүндө
Күн тартибиндеги жетинчи маселе боюнча жер адиси Жолдошев К. чыгып сүйлөдү. Орто-Сай айылында жайгашкан 45 га жер тилкеси 26.10.2016-жылы суу сактоочу плотинага жер аянты мөөнөтсүз берилип кеткен, ошол жер аянтын Ленин айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарып алуу чечимин кабыл алып берүүңүздөрдү суранам – деди.
Койчуманов Б. – ал жер тилкесин кайтарып алуу үчүн колго салалы. Эгерде колдоо табылбаса эч кимге зыяны тийбейт.
Жогору айтылгандардын негизинде депутатар жер адис Жолдошев Кадырбайдын сунушун колдоо максатында депутаттар ачык түрүндө добуш беришти:
Макул – 8,
Каршы – 9,
Калыс жок.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Сай айылында жайгашкан 45 га жер тилкеси суу сактоочу плотина менен 26.10.2016-жылы түзүлгөн №15 токтому күчүндө деп белгиленсин.
2. Токтомду аткаруу жагы жер адиси Жолдошев К. милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |