Загрузка документа…
КЫЗЫЛ – ӨЗГӨРҮШ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-марты № 207
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы ФПСтин жерлеринин аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн комиссия курамын түзүү жана ижара акысынын баштапкы баасын бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы ФПСтин жерлеринин аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн комиссия курамы 9 адамдан түзүлүп, төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.
Б.Табалдиев айылдык кеӊештин депутатты, комиссиянын төрагасы.
Б.Чекирова- жооптуу катчы- комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
Т.Мундусбаева- айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу
Э.Ажыкулов - айыл өкмөттүн айыл чарба иштер жана жер маселери боюнча башкы адис,
аукцион өткөрүүчү
Ж.Ысырайылов- айылдык кеӊештин депутатты
Ө.Төрөкулов - айылдык кеӊештин депутатты
М.Бердигулов -айылдык кеӊештин депутатты
Ш.Кожоев - карыялар кеӊешинин төрагасы
М.Тиленбаева - салыктар боюнча башкы адиси
2. Ижарага берүүчү жерлердин кунардуулугуна жараша ижара акынын баштапкы баасы жана арымы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- Жердин асылдуулугу жогору сугат кунардуу 1га жер аянтка баштапкы баа 2000(эки миӊ) сом, арымы 400(төрт жүз) сом
- Жердин асылдуулугу орто 1га жер аянттка баштапкы баа 1500(бир миӊ беш жүз )сом, арымы 300(үч жүз) сом
- Жердин асылдуулугу төмөн суу менен камсыздалбаган 1га жер 1000(бир миӊ) сом
- Ижара жердин жалпы аянтынын 15 пайызы социалдык абалы начар үй-бүлөөлөргө түз берүү жагы каралсын
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы ФПСтин жерлеринин ижарага алып келишимде көрсөтүлгөн ижара акысын мөөнүтүндө төлөбөгөндөргө жер берилбесин.
4. КРнын жер мыйзамдарынын аукцион өткөрүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык, ФПСтин жерин аукциондун негизинде өткөрүү жагы түзүлгөн комиссия курамына жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы,комиссиянын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы | Э.Сагынбеков |