Загрузка документа…
КЫЗЫЛ – ӨЗГӨРҮШ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-марты № 208
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жазгы айдап себүүгө карата техника акыларын жана жаз-күз мезгилинде мал багуучулардын бада акыларын бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жазгы айдап себүүгө карата техника акыларын жана жаз-күз мезгилинде мал багуучулардын бада акыларынын бекитилиши боюнча маалыматты айыл тургундары менен өткөн элдик жыйында тааныштырылып айтылган сунуштар эске алынып төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
Жазгы жер айдоо: 1га жерге кызмат акысы күйүүчү майы ичинде 2500 сом.
Жер малалоого: 1га жерге кызмат акысы күйүүчү майы ичинде 800 сом.
Тоют ташууга: Аралыгына жараша күйүүчү майы ичинде 500-1000 сомго чейин.
Чөп чабууга: 1га жерге күйүүчү майы ичинде,чөп чабуу жана чогултуу кызмат акысы 3000 сом.
2. Жаз-күз маалында бадачыларга малды багып келүү эмгек акысы төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
Ири мүйүздүү малга – бир башына 300 сом, тузу ичинде
Кой-эчкилерге – бир башына 60 сом, тузу ичинде
3. Бадачыларга жаз-күз маалында малды тоого 1-майдан баштап 1-октябрга чейин айылга түшүрбөө жагы эскертилсин.Белгиленген мөөнөтөн мурда бада багуучулар айыл ичине көчүп келүүсүнө алдын-ала түшүндүрүү иш чараларын уюштуруп аткаруу жагы Жайыт комитеттинин төрагасы Э.Мутуевге жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. 2020-жылдын 20-апрелине чейин жогорудагы баалардан ашпоо үчүн бадачылар, техника ээлери менен келишим түзүп, көзөмөлгө алуу жагы Жайыт комитеттинин төрагасы Э.Мутуевге жана айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы | Э.Сагынбеков |