Загрузка документа…
КЫЗЫЛ – ӨЗГӨРҮШ КЕҢЕШИ
ТОКОМ
2020-жылгы 5-марты № 209
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адистери (айыл башчылары) Б.Сасыкулов, Э.Мураталиев, А.Жээнбаевдердин 2019-жылда аткарган иштеринин маалыматты жана 2020-жылга аткарыла турган иштеринин иш-пландары кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адистери( айыл башчылары) Э.Мураталиев, А.Жээнбаевдердин 2019-жылда аткарган иштеринин маалыматты айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен канаттандырарлык деп табылсын. 2020-жылга аткарыла турган иштеринин иш-пландары алымча кошумчасы менен жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси(Чеч-Дөбө, Көк-Таш, Орто-Жон, Аӊ-Арык, Бууракан айылдарынын айыл башчысы) Б.Сасыкуловдун 2019-жылда аткарган иштеринин маалыматты канаттандырарлык эмес деп табылсын. Б.Сасыкулов жумуш учурунда ичимдик ичип, мас абалда жүргөндүгүн, муниципалдык кызматчынын этикасын сактабай айылдык кеӊештин сессиянын күн тартибинде каралуучу маселеге даярдыгы жок келгендиги үчүн кызматтык чара көрүү жагы айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Нуржакыповго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы | Э.Сагынбеков |