Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-марты № 211
Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну А.Кадыржановдун арызын кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну А.Кадыржановдун арызын жеринде кароо үчүн
төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.
Ө.Төрөкулов - айылдык кеӊештин депутаты, комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү:
Э.Мутуев - айылдык кеӊештин депутаты, жайыт комитеттинин төрагасы
Б.Табалдиев - айылдык кеӊештин депутаты
Д.Молдоболотов- айылдык кеӊештин депутаты
Э.Ажыкулов - айыл өкмөттүн жер адиси
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин төрагасы | Э.Сагынбеков |