Загрузка документа…
КЫЗЫЛ – ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-марты № 212
Мал чарбасын жана базар экономикасын өнүктүрүү долборуу аркылуу жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген боз үйлөрдү айыл өкмөттүн балансасына кабыл алып айылдарга бөлүштөрүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин депутаты, жайтыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевдин сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал чарбасын жана базар экономикасын өнүктүрүү долборуу аркылуу жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген боз үйлөрдү айыл өкмөттүн балансасына кабыл алынсын .
2. Бөлүнгөн боз үйлөрдүн жамааттык салымы 17500 (он жети миӊ) сомдон ар бир боз үйгө топтоо жагы айыл башчыларга жүктөлсүн жана топтолгон каражат жайыт комитетинин өздүк эсебине кириштелип жайытарды оӊдоого жумшалсын.
3. Айыл өкмөттүн балансасына кабыл алынган жети боз үйлөр Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу он бир айылга теӊдештирилип бөлүнүп берилип.
4. Айтмурза уу А- Көк-Таш,Орто-Жон,Чеч-Дөбө, Аӊ-Арык, Бууракан айылдарына 3(үч) боз үй
Э.Мураталиев- Камыш-Башы, Шайык, Ак-Жар айылдарына 2(эки) боз үй
А.Жээнбаев-Кызыл-Өзгөрүш, Коӊур-Өгүз, Бел-Кара-Суу айылдарына 2(эки) боз үй бөлүнүп берилсин.
5. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдарга бөлүнгөн боз үйлөрдү сактоо, таза кармоо айыл өкмөттүн жетектөөчү адистери (айыл башчылар) А.Жээнбаев, Э.Мураталиевге жана айылдык кеӊештин депутаты Айтмурза уулу Азизбектин жоопкерчилигине жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн орун басары Г.Карабековага жана айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
7. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенешинин төрагасы | Э.Сагынбеков |