Загрузка документа…
КЫЗЫЛ – ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-марты № 213
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Кызыл-Өзгөрүш айылыТаза суу долбооруна киргендиктен суу башатын (артезиан) кудугун куруу үчүн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Камыш-Башы айылындагы контур № 3-07-09-0018-0209, 3-07-09-0018-0210 айыл чарба багытындагы 1,33га жер аянтты багыты өзгөртүлүп, суу башатын (артезиан) кудугун куруу үчүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жерлердин багыттын которуу (трансформациялоо) комиссиясына сунушталсын.
2. Суу башатын (артезиан) кудугун куруу үчүн 1,33 га жер аянтты трансформациялоого тиешелүү иш кагаздарын даярдап, кыска мөөнөттө бүткөрүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Бакиевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы | Э.Сагынбеков |