Загрузка документа…
КЫЗЫЛ – ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-марты № 214
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынынкезексиз XII сессиясынын 19.12.2018-жылдагы №106 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын 19.12.2018-жылдагы №106 токтомуна өзгөртүү киргизилсин. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына инвестиция тартуу максатында кичи ГЭС курууга Коңур-Өгүз суусунун жээгинин 44,20. 5245, 5247 контурунда жайгашкан 3га жер аянты ЖЧК “Энерго Сервис LTD” келишимдин негизинде берилсин.
2. Кичи ГЭС курууга берилген жердин тиешелүү документацияларын даярдоого кеткен чыгым ЖЧК “Энерго Сервис LTD” каражатынан жумшалсын.
3. Кичи ГЭС курууда Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт жерлерге жана экологияга зыян келтирилбөө жагы каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Бакиевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши | Э.Сагынбеков |