Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-марты № 215
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 03.03.2020-жылдагы № 9 токтомунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму эске алынсын.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен
КР Улуттук илимдер академиясы окумуштуубуз Теӊдик Аскаровдун дүйнөдөн өткөндүгү боюнча илимий-практикалык конференциясына – 50,0 миӊ сом
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына инвестиция тартуу максатында кичи Коңур-Өгүз суусунун жээгинин жер аянты ЖЧК “Энерго Сервис LTD” келишимдин негизинде ГЭС куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоого– 40,0 миӊ сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бууракан айылындагы Чалдыбар участкасындагы жолду оӊдоого-25,0 миӊ сом берилсин.
2019-2020-окуу жылында Жалал-Абад областында боло турган “Манас таануу” интелектуалдык таймаштын II-туруна катышып келүү үчүн мектептерге бөлүнгөн сапар чыгымдарынан -30,0 сом берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы мектептердин мөөр, штамптарын жасатууга мектептерге бөлүнгөн ар кандай чыгымдардын эсебинен -20,0 сом берилсин.
Камыш-Башы айылындагы Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин директору А.Арзыбаеванын сунушунун негизинде мектеп электрондук журналга өтүүгө, айыл өкмөттүн ар кандай чыгымдардын эсебинен-20,0 сом берилсин.
Орто-Жон айылындагы А.Ибраимов атындагы орто мектебин актап-сырдоого-15,0 миӊ сом, мүлк сатып алууга -5,0 миӊ сом бөлүнүп берилсин.
Коӊур-Өгүз айылындагы көпүрөнү оӊдоого атайын каражаттын эсебинен-150,0 миӊ сом акча каражатты бөлүнүп берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы өтө-жакырлардын каттоосунда турган жарандарга материалдык жардам катары
Бел-Кара-Суу айылынын тургуну өтө-жакыр үй-бүлөө Б.Какыбаевга айыл өкмөттүн резервдик фонддун эсебинен-5,0 миӊ сом берилсин.
Ак-Жар айылынын тургуну өтө-жакыр үй-бүлөө Д.Картаевага айыл өкмөттүн резервдик фонддун эсебинен-7,0 миӊ сом берилсин
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бууракан айылынын тургуну II-топтогу майып Сүйүнбаев Чыӊгыздын даарылануусуна 30,0миӊ сом берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин төрагасы | Э.Сагынбеков |