Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-апрели № 216
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын-алуу максатында Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын калкынын коомдук саясий туруктуулукту, саламаттыгын коргоо максатында иш чараларды уюштурууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын-алуу максатында Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын калкынын коомдук саясий туруктуулукту, саламаттыгын коргоо максатында иш чараларды уюштурууга жыл башында 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн 500,0(беш жүз) миӊ сом азыркы учурдагы абалга байланыштуу жылдырып жумшоо жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
2. Бөлүнгөн каражат айыл өкмөттүн Өзгөчө кырдаалдын штабынын кеӊешмесинде каралып, штабдын чечиминин негизинде жумшалсын, каражаттын жумшалышы боюнча айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге маалымат берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысынын орун басары Г.Карабековага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы | Э.Сагынбеков |