Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-апрели № 217
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын-алуу максатында Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын калкынын коомдук саясий туруктуулукту, саламаттыгын коргоо максатында иш чараларды уюштуруп өткөрүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын-алуу максатында Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын калкынын коомдук саясий туруктуулукту, саламаттыгын коргоо максатында иш чаралар уюштурулуп өткөрүлсүн.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын калкынын коомдук саясий туруктуулукту, саламаттыгын коргоо максатында айыл тургундарынын азык-түлүк азыктарынын тактоо, түнкү рейддерди уюштуруу, азык-түлүк товарларын саткан дүкөндөрдүн иштөө тартибин жана баанын туруктуулугун көзөмөлгө алуу, көчөдө себепсиз басып жүргөн адамдарга үйдө отуруу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ички, сырткы мигранттардын тактап каттоого алып, белгиленген мөөнөткө чейин үй карантинге алуу, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына кошумча обсервация даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы, “Өзгөчө кырдаал” боюнча ыкчам (оперативдүү)штабынын башчысы Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы | Э.Сагынбеков |