Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 221
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуун жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар (ЫЭК) жөнүндө Жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18,55-беренелерине ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Ушул токтом тиркемеси менен Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага жүктөлсүн.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Г.Сманова |