Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 222
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу эске алынсын.
I Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы маданият үйүнүн жетекчиси К.Тангабаевдин сунушун эске алып, маданият үйүнүн айланасын тозуу, көрктөндүрүү үчүн -12,0 миӊ сом бөлүнүп берилсин.
II Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы өтө-жакырлардын каттоосунда турган жарандарга материалдык жардам катары
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бууракан айылынын тургуну II-топтогу майып Сүйүнбаев Чыӊгыздын даарылануусуна даары-дармек алууга 20,0миӊ сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
III Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын 28.01.2020-жылдагы № 200 токтомуна өзгөртүү киргизилсин. Атайын фонддун эсебинен каралган төмөндөгү акча каражаттарынын багытты өзгөтүлсүн.
Опоз участкасындагы Жутма арыгын оӊдоого-433,0 миӊ сом
Орто-Жон айылындагы арыкты оӊдоого-100,0 миӊ сом
Орто-Жон айылындагы Мамажандын үйүнүн жанындагы арыкка темир труба жасатып
орнотууга-103,0 миӊ сом
Кумдама участкасындагы Кайсарбай арыгын оӊдоого-164 ,0 миӊ сом
Чий алыш арыгын оӊдоого-200,0 миӊ сом, Орток участкасындагы айдоо жерлерге суу чыгарууга долбоор даярдоого 1000000(бир миллион) сом өзгөртүлүп жумшоо жагы суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Г.Сманова |