Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 223
2020-жыл үчүн Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайыт салыгынын өлчөмүн көтөрүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевдин сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында 2016-жылы жайыт салыгынын өлчөмү 1,5 эсе көтөрүлгөндүктөн 2020-жыл үчүн жайыт салыгынын өлчөмүн ошол өлчөмдө калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Г.Сманова |