Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 224
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында 2020-жыл үчүн айрым жер салыктарынын суммасын азайтуу жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу
Т. Мундусбаеванын, салыктар боюнча башкы адис М. Тиленбаеванын сунушун карап, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктары; анын ичинен айыл чарбасына багытталган жер салыгы, короо алдындагы багбанчылык жер участокторунун жер салыгы, МКБФнун ижара акылары 2018-жылга калдыктардын эсебинен берилген пландан ашык аткарылгандыгын эске алып, 2019-2020-жылдар үчүн бюджет бекитүүдө жогоруда көрсөтүлгөн жер салыктары 2018-жылдын деӊгээлинде ашыкча бекитилип калгандыгына байланыштуу көрсөтүлгөн салыктардын суммасын азайтып берүү жагы жогорку органдардан суралсын.
№ | Салыктардын аталышы | Салыктардын эсептелиниши | 2019-жылга бекитилген сумма | Айырма |
1 | Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 508 300 сом | 630 000сом | 121 700 сом |
2 | Короо алдындагы багбанчылык жер участоктору үчүн жер салыгы | 306 900 сом | 450 000 | 32 700 сом |
3 | МКБФнун жеринин ижара акысы | 293 000 сом | 385 000 сом | 92 000 сом |
| Жалпы сумма: | 1 108 200 сом | 1 465 500 сом | 246400 сом |
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Г.Сманова |