Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 225
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында аксакалдар сотунун курамын кайра бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т. Мундусбаеванын сунушун карап, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т. Мундусбаеванын сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында аксакалдар сотунун курамы төмөндөгү сунушталган комиссия курамы менен бекитилип дайындалсын.
Жамалова Калия -билим берүүнүн отличниги, А.Ибраимов атындагы орто мектебинин мугалими
Кадыралиев Адиӊбай - айыл аксакалы,пенсионер
Суранбаев Калил -айыл аксакалы,пенсионер
Назаралиева Уулкан -билим берүүнүн отличниги, пенсионер
Кожоев Шайлообай - карыялар кеӊешинин төрагасы, айыл аксакалы,пенсионер
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Г.Сманова |