Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 226
Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын маркум Элмирбек Иманалиевдин кыркылыгына айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттарынын сунушун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын маркум Элмирбек Иманалиевдин кыркылыгына айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 30,0миӊ сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын маркум Элмирбек Иманалиевдин кыркылыгына айыл өкмөттүн атынан өкүл барып катышып келүү жагын уюштуруу Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Г.Сманова |