Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №1/1
Ала-Бука айылынын “Ак-Чыбыр” тилкесиндеги саз жерди өздөштүрүү аркылуу базар куруу боюнча ажыратылган акча каражаттарынын каржылануусу жөнүндө
Ала-Бука айылынын “Ак-Чыбыр” тилкесиндеги саз болуп жаткан жерди өздөштүрүү аркылуу базар куруу боюнча ажыратылган акча каражаттарынын каржылануусу жөнүндөгү Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаттары А.Умаров жана Д.Акпаралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылынын “Ак-Чыбыр” тилкесиндеги саз болуп жаткан жерди өздөштүрүү аркылуу базар куруу боюнча жергиликтүү бюджетинен ажыратылган акча каражаттарынын каржылануусу боюнча текшерүү жүргүзүлсүн.
2. Ала-Бука айыл аймагынын “Ак-Чыбыр” тилкесиндеги саз болуп жаткан жерди өздөштүрүү аркылуу базар куруу боюнча жергиликтүү бюджетинен ажыратылган акча каражаттарынын каржылануусу боюнча текшерүү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ала-Бука райондук бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |