Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №1/2
Ала-Бука айылдык кеңешинин кызматка дайындалган депутаттын ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин 2-, 24-беренесинин 2-пунктарына ылайык Койчумбаев Самат Искендербековичтин Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасы М.Мамырбековдун атына жазган арызынын негизинде депутаттын ыйгарым укугун токтотуу жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына дайындалган Койчумбаев Самат Искендербековичтин депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Койчумбаев Самат Искендербековичтен кийинки добуш алып, кезекте турган жарандардын кондидатураларын аныктап берүү Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |