Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №1/3
2020-жылга Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Ала-Бука айыл өкмөт башчысы Койчумбаев Самат Искендербековичтин билдирүүсүн жана айылдык кеңештин финансы, бюджет, инвестиция жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын январдагы отурумунун чечимин карап жана талкуулап, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги 1- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2020-жылга Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 71898,4 мин сом, чыгаша бөлүгү 71898,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2020-жылга Ала-Бука айыл өкмөтүнүн атайын төлөм каражатынын киреше бөлүгү 6540,0 мин сом, чыгаша бөлүгү 6540,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн ФЭБнө төмөнкү милдеттерди аткаруу жүктөлсүн.
- Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана чыгымдарды пайдаланууну оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн;
- Баардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мобилизациялоо жана кошумча каражаттарды табуу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
- Финансылык тартипти чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын аткарууну камсыз кылуу.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |