Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №1/4
Ала-Бука айылынын С.Ибраимов, М.Мамырбеков, Т.Сартмамбетов жана Дүйшөмбиева көчөлөрүндө акылуу автоунаа токтоочу жайларды уюштурууга уруксат берүү жана алымдардын көлөмүн өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ала-Бука айылынын С.Ибраимов, М.Мамырбеков, Т.Сартмамбетов жана Дүйшөмбиева көчөлөрүндө акылуу автоунаа токтоочу жайларды уюштурууга уруксат берүү жана алымдардын көлөмүн өзгөртүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Аскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ала-Бука айылынын С.Ибраимов, М.Мамырбеков , Т.Сартмамбетов жана Дүйшөмбиева көчөлөрүндө акылуу авто унаа токтоочу жайларды уюштурууга уруксат берилсин.
2. Алымдардын көлөмү жеңил автоунаалар үчүн 20 (жыйырма) сом, жүк ташуучу автоунаалар үчүн 50 (элүү) сом жана жекшемби күндөрү ишкердик жүргүзгөн жеке ишкерлердин жүк ташуучу автоунаалары үчүн 150 (бир жүз элүү) сом, жеңил автоунаалар үчүн 50 (элүү) сом көлөмүндө бекитилсин.
3. Ала-Бука айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-мартындагы № 2/4-8 сандуу токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |