Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №1/5
Достук айылынын тургуну Исраилжанова Дилшода Фарходжановнага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Достук айылынын тургуну Исраилжанова Дилшода Фарходжановна оор жүрөк оорусу менен ооруп жаткандыгы азыркы убакта өтө кымбат хирургиялык кийлигишүү талап кылынары, бирок каражатынын жетишсиздиги болуп жаткандыгы тууралуу Достук айылынын депутаты Сарибаев Зафардын сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылыны тургууну Исраилжанова Дилшода Фарходжановнага жергиликтүү бюджеттен 28 24 беренесинен 50 000 (элүү мин ) сом өлчөмүндө акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Керектүү акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБнө жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |