Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №1/6
Сары-Талаа айылынын тургуну Мамишева Бахриниса Ражоббаевнага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Сары-Талаа айылынын тургуну Мамишева Бахриниса Ражоббаевнага көп жылдан бери ооруп ага туугандары тарабынан бир комнаталуу үй салып бергени турат. Ошол үйгө аз да болсо материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү Сары-Талаа айылынын депутаты Масалбеков Кабылбек Авасбековичтин сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Талаа айылыны тургуну Мамишева Бахриниса Ражоббаевнага жергиликтүү бюджеттен 28 24 беренесинен 50 000 (элүү мин ) сом өлчөмүндө акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Керектүү акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБнө жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |