Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №1/7
Ала-Бука айылынын тургуну маркум Рысматов Таштемирдин ысымын Ала-Бука райондук борборлоштурулган китепканага ыйгаруу жөнүндө
Ала-Бука айылынын тургуну маркум Рысматов Таштемирдин Кыргыз калкынын адабий мурасына кошкон салымы, жаш муундарды патриоттук духта тарбиялоого багытталган чыгармачылык кызматын эске алып, Ала-Бука райондук борборлоштурулган китепканасынын кызматкерлеринин “20” 01 2020-ж № 01-20/4 кайрылуусун карап чыгып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылынын тургуну маркум Рысматов Таштемирдин ысымы
2. Ала-Бука райондук борборлоштурулган китепканага ыйгарылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |