Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №1/8
“Некст-Строй”, “Тилен енд Бай”, “Балды-Ата” жоопкерилиги чектелген коомдорунун жана “Ала-Бука техсервис” муниципалдык ишканасынын түзүлгөн күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин текшерүү жөнүндө
“Некст-Строй”, “Тилен енд Бай”, “Балды-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун жана “Ала-Бука техсервис” муниципалдык ишканасынын түзүлгөн күндөн бүгүнкү күнгө чейинки иштетилген каражаттарды туура эмес пайдалануусунун натыйжасында, башталган иштердин чала бойдон калып кеткендигине байланыштуу алардан ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндөгү Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаттары А.Умаров, А.Орозбаев жана Д.Акпаралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жеңиш” паркын реконструкциялоо боюнча “Некст-Строй”, Сары-Талаа айылына спорт комплексин куруу боюнча “Тилен енд Бай”, С.Ибраимов көчөсүнүн пост гаиден айланпага чейинки участкасына асфаль жаткыруу боюнча “Балды-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ошондой эле “Ала-Бука техсервис” муниципалдык ишканасынын түзүлгөн күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин текшерүүгө алынсын.
2. “Жеңиш” паркын реконструкциялоо боюнча “Некст-Строй”, Сары-Талаа айылына спорт комплексин куруу боюнча “Тилен енд Бай”, С.Ибраимов көчөсүнүн пост гаиден айланпага чейинки участкасына асфаль жаткыруу боюнча “Балды-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ошондой эле “Ала-Бука техсервис” муниципалдык ишканасынын түзүлгөн күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин текшерүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ала-Бука райондук бөлүмүнөн суралсын.
3. “Некст-Строй”, “Тилен енд Бай”, “Балды-Ата” жоопкерилиги чектелген коомдорунун жана “Ала-Бука техсервис” муниципалдык ишканасынын Ала-Бука айыл аймагында аткарган иштери жана кетирген кемчилдиктери боюнча элге кеңири жеткирүүнү камсыз кылуу жана аларга тийешелүү маалыматтарды берүү айылдык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
5.Массалык маалыматтарды чакырууну уюштуруу жана алардын кеткен чыгымдарын жергиликтүү бюджеттен ажыратып берүү ФЭБнүн башчысы А.Назаралиевге жүктөлсүн.
6. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |