Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №1/9
Ала-Бука айылынын Т.Сартмамбетов көчөсүндөгү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө
Ала-Бука айылынын Т.Сартмамбетов көчөсүндөгү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу тууралуу Айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылынын Т.Сартмамбетов көчөсүндө авто унаалар жүрүүчү жолдо жана тратуарларда ар айдын жекшембисинен сырткаркы күндөрдө соода сатык кылууга тыюу салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу Ала-Бука райондук РИИБүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен Айыл өкмөтүндө түзүлгөн атайын комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына, айлдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
5.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |