Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы №2/2
Ала-Бука айылындагы М.Турдуматов көчөсүнө асфальт төшөө жумуштарын уюштуруу жана долбоорду ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Ала-Бука айылынын М.Турдуматов көчөсү айылдын негизги 2 чоң көчөсүн бириктирип тургандыгы, азыркы учурда өтө начар абалда экендиги, тез аранын ичинде асфальт төшөө жумуштарын уюштуруу зарылдыгы жөнүндөгү маалыматын эске алуу менен Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фонду мекемесинин бюджеттик акча каражаттарынын эсебинен долбоорлорду тандоого катышуу тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Койчумбаев Самат Искендербековичтин маалыматтын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл Кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылынын М.Турдуматов көчөсүн асфальт төшөө жумуштарын жүргүзүлсүн жана Жалал-Абад областынын Өнүктүрүү фонду мекемесинин кароосуна сунушталсын.
2. “Ала-Бука айылынын М.Турдуматов көчөсүн асфальт төшөө” долбоору үчүн Жалал-Абад областынын Өнүктүрүү фонду мекемесинин бюджеттик акча каражаттарынын эсебинен 5437059 (беш миллион төрт жүз отуз жети миң элүү тогуз) сом суралсын.
3. “Ала-Бука айылынын М.Турдуматов көчөсүн асфальт төшөө” долбоору үчүн өздүк салым катарында жергиликтүү бюджеттен 129 213 (бир жүз жыйырма тогуз миң эки жүз он үч) сом ажыратылсын.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын жана токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |