Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы №2/3
Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Атамкулованын сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2020-жылы өткөрүлүүчү эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджетинин 2512-беренесинен 150 000 (бир жүз элүү ) миң сом акча каражаты ажыратып берилсин.
2. Каражаттарды максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистеринин жекече жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |