Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы №2/5
Ала-Бука райондук сотунун жардамчысы Суютбеков Абдулла Абдукаримовичти сот кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата, Ала-Бука айылдык кеңешинин “Алкыш” баракчасына көрсөтүү жөнүндө
Ала-Бука райондук сотунун жардамчысы Суютбеков Абдулла Абдукаримовичти Ала-Бука районуна жашаган калктын конституциялык укуктарын коргоодо соттук адилеттүүлүктү камсыздоо жаатындагы үзүрлүү эмгегин эске алуу менен Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасы М.Мамырбековдун сунушун карап чыгып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука райондук сотунун жардамчысы Суютбеков Абдулла Абдукаримовичти Ала-Бука районунун социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымын, үзүрлүү эмгеги үчүн Ала-Бука айылдык кеңешинин “Алкыш” баракчасына көрсөтүлсүн.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |