Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы №2/6
“Сары-Талаа суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын айыл чарба каналдарын калыбына келтирүү багытында алынган кредиттик карыздарынан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунан 53,8 га жерге тиешелүү болгон бөлүгүн төлөп берүү жөнүндө
“Сары-Талаа суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын айыл чарба каналдарын калыбына келтирүү багытында алынган кредиттик карыздарынан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунан 53,8 га жерге тиешелүү болгон бөлүгүн төлөп берүү жөнүндөгү М.Гайназаровтун маалыматын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл кенешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги 2 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сары-Талаа суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын айыл чарба каналдарын калыбына келтирүү багытында алынган кредиттик карыздарынан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунан 53,8 га жерге тиешелүү болгон 299 мин 941 сом карыз төлөп берилсин.
2. “Сары-Талаа суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын айыл чарба каналдарын калыбына келтирүү багытында алынган кредиттик карыздарынан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунан 53,8 га жерге тиешелүү болгон 299 мин 941 сом карызды төлөп берүү боюнча жумуштарды ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |