Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы №2/8
Муниципалдык жерлерди ижарага берүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Муниципалдык жерлерди ижарага берүүнүн тарифин бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн салык башчысы С.Кудайбердиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука райондук борбордук стадионунун ар түрдүү жыйналыштарды жана маданий оюн зоокторду өткөрүү үчүн ар бир пайдаланган саатына 5000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Төлөнүүчү ижара акысын өз кражаттарынын эсебинен жарнамалык щит орнотууга сурап кайрылган жеке жана юридикалык жактар учун 1 м2 жер аянтынын ижара акысы жылына 5000 сом өлчөмүндө ал эми жарнамалык щиттерден айына пайдалануу акысы 5000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |