Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы №2/9
Ала-Бука айыл аймагындагы “Ала-Бука тазалык”, “Ала-Бука техкызмат”, “Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканаларынын жана Жайыт комитетинин 2019-жылга аткарылган иштеринин отчетун өз убагында жана канааттандырарлык деңгээлде тапшыра албагандыгына байланыштуу убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагындагы “Ала-Бука тазалык”, “Ала-Бука техкызмат”, “Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканаларынын жана Жайыт комитетинин 2019-жылга аткарылган иштеринин отчетун өз убагында жана канааттандырарлык деңгээлде тапшыра албагандыгына байланыштуу убактылуу комиссия түзүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагындагы “Ала-Бука тазалык”, “Ала-Бука техкызмат”, “Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканаларынын жана Жайыт комитетинин 2019-жылга карата аткарылган иштерин текшерүү жөнүндө убактылуу комиссия түзүлсүн:
- Бюджет, экономика, инвестиция, финансы маселелери боюнча жана Өнөр жай, транспорт, коммуникация, тазалык, көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссияларына “Ала-Бука тазалык” жана “Ала-Бука техсервис” муниципалдык ишканасы
- Агрардык маселелер, СПА, суу канал маселелери боюнча туруктуу комисииясына “ Ала-Бука водоканал ” муниципалдык иш канасын жана Жайыт комитетин ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырылсын.
2. Социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына Ала-Бука аймагындагы аймактык ооруу канасына Фулл Голд Манинг ЖЧКсынан жардам катары берилген 4 000 000 (төрт) миллион сомго кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндөгү отчетун алуу тапшырылсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасыны орун басары А.Саттаровго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |