Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-марты № 4/1
Ала-Бука айыл аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу чаралары жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык абалын камсыздоо үчүн кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу үчүн жергиликтүү бюджетинин 2215-беренесинен кошумча 800 000 (сегиз жүз ) миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Каражаттарды максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн материалдык жоопкерчиликтүү кызматкери С.Маткеримовго жүктөлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |